Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-январы № 31 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 211-статьянын 2-бөлүгү "иштер" деген сөздөн кийин ", ошондой эле маалымат материалдарын экстремисттик деп таануу жөнүндө арыздар" деген сөздөр менен толукталсын.
2. III бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 25-2-глава жана 258-4 - 258-6-статьялар менен толукталсын:
"25-2-глава. Маалымат материалдарын экстремисттик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча сот ишин жүргүзүү 258-4-статья. Арыз берүү
1. Прокурор өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген сотко караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен маалымат материалдарын экстремисттик деп таануу жөнүндө ал материалдар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды чыгарган уюмдардын жайгашкан жери боюнча сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
2. Прокурордун арызы боюнча ушул Кодекстин 14-главасында каралган тартипте чечим чыкканга чейин сот маалымат материалдарына убактылуу чек коюуга укуктуу,
258-5-статья. Арызды кароо
1. Арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечимдер кеминде беш күндүк мөөнөттө кабыл алынат.
2. Арыз талабын билдирген прокурордун жана эгерде турган жери белгилүү болсо, арызда аталган адамдардын катышуусу менен сот тарабынан каралат. Сот жыйынынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар болгон арызда көрсөтүлгөн адамдардын сотко келбей коюшу ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн адамдардын турган жери белгисиз болсо, сот арызды алар катышпаса да карайт.
258-6-статья. Арыз боюнча соттун чечими жана аны аткаруу
1. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жарыялоого жиберилет.
2, Соттун чечими ушул Кодекстин 41-главасында каралган соттук көзөмөл тартибинде даттанууга болот.". 2-берене. "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 13-статьянын 2-бөлүгүндө: "сот тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен" деген сөздөр менен толукталсын; "сунуштамасынын" деген сөз "арызынын" деген сөз менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн каралган тартипте маалыматтык материалдарды алууну убактылуу чектөөгө сот тарабынан жол берилет.". 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 25-майындагы № 570-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик…Постановление · 25.05.2016 · № 570-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 352-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик…Постановление · 10.03.2016 · № 352-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы № 506-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик…Постановление · 12.05.2016 · № 506-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөЗакон · 17.08.2005 · № 150 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон