Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ 2016-жылдын 16-февралы № 67 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМУ КЫЛАТ:
1. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-берене. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-берененин экинчи бөлүгү "Сугат айдоо жерлерин" деген сөздөрдөн кийин "көп жылдык дарактар отургузулган жерлерге, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору республикада көп жылдык өсүмдүктөрдү отургузууну киргизүү, жайгаштыруу жана көбөйтүү максатында иштелип чыкты. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен сугат айдоолорду жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизилгендигине байланыштуу азыркы учурда сугат айдоолорду көп жылдык өсүмдүктөр астындагы жерлерге трансформациялоо мүмкүн эмес. Сунушталып жаткан толуктоо интенсивдүү айыл чарбаны өнүктүрүүгө түрткү берет, аларга жерди дарылоодо, жаңы, көп түшүмдүү сортторду киргизүүдө, продукциянын өндүрүшүн жогорулатууда жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана пайдалануу мүнөздүү. Азыркы мезгилде Кыргызстанга айыл чарбаны жүргүзүүдө экстенсивдүү ыкма мүнөздүү, анда продукциянын өнүмүнүн көбөйүшү менен сапаттын өсүүсү жок, башкача айтканда, көпчүлүк учурда айдоо аянтын кеңейтүүнүн эсебинен жер аянтынын бирдигине өзгөчө капиталдык салым кошпоо, техниканы аз колдонуу, жерди начар иштетүү түшүмдүүлүктүн төмөн болушуна алып келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомун ишке ашыруу максатында, 2015-жылдын 28-июлунда республикалык деңгээлде, Чүй облусунун Сокулук районунда республиканын жер фондун инвентаризациялоо боюнча иштерди аткаруу жөнүндө семинар-кеңешме өткөрүлүп, анда аталган долбоор талкууланган. Мындан сырткары 7 облустун бардыгына каттар жөнөтүлүп, Талас облусунан башка облустар колдоого алган. Азыркы күндө жер-жерлерде дыйкандар жана жеке жактар мөмө дарактарын айдоо аянттарында тигүүдө, ага далил катары алынган мөмөлөр эсептелет. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ушул мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталбагандыктан жөнгө салуучу таасиринин талдоосуна муктаж эмес, ошондой эле, мыйзам долбоору эл аралык жана улуттук мыйзамдарына каршы чыкпайт жана кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбестигин белгилей кетүү зарыл. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору 2015-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына (www.gov.kg) коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылган. Коомдук талкуулоо жүргүзүүнүн учурунда сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.
Министр
Т. Бекбоев
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясы
Айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилсин.
Айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилсин.
Сугат айдоо жерлерин көрүстөнгө, мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттыкты сактоо объекттерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, аскердик, чек аралык объекттерин жана заставаларын, чакан жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жогорку чыңалуудагы 110 кВ.дан 500 кВ.га чейинки электр чубалгыларын, 110 кВ.дан 500 кВ.га чейинки көмөк чордондорду, газ түтүктөрүн жана алардын курулмаларын, индустриялык-логистикалык борборлорду, өндүрүштүк объекттерди курууга, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүүгө жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында которууга (трансформациялоого) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарынын айрым чек ара аймактарынын жерлерин башка категорияларга же түрлөргө которууга мораторий жайылтылбайт. Бул аймактарда жерлерди башка категорияларга же түрлөргө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
Сугат айдоо жерлерин көп жылдык дарактар отургузулган жерлерге, ошондой эле көрүстөнгө, мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттыкты сактоо объекттерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, аскердик, чек аралык объекттерин жана заставаларын, чакан жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жогорку чыңалуудагы 110 кВ.дан 500 кВ.га чейинки электр чубалгыларын, 110 кВ.дан 500 кВ.га чейинки көмөк чордондорду, газ түтүктөрүн жана алардын курулмаларын, индустриялык-логистикалык борборлорду, өндүрүштүк объекттерди курууга, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүүгө жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында которууга (трансформациялоого) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарынын айрым чек ара аймактарынын жерлерин башка категорияларга же түрлөргө которууга мораторий жайылтылбайт. Бул аймактарда жерлерди башка категорияларга же түрлөргө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлер башка максаттагы багыттар боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлер башка максаттагы багыттар боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Министр
Т. Бекбоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-июнундагы № 649-VI "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий…Постановление · 02.06.2016 · № 649-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 750-VI "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий…Постановление · 22.06.2016 · № 750-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы № 410-VI "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий…Постановление · 30.03.2016 · № 410-VI
Шилтеме берет (6)
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2014 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 14.01.2025
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон