# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19209/edition/747154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтому (03.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99027

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 5-марты № 113 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунда каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу юридикалык жана жеке жактардын өткөрүлүүчү товарларын декларациялоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү зарылчылыгын эске алып, мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн кайрылууларын көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушу Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун оптималдуу механизми иштелип чыкканга чейин токтотулуп турсун.

2. Ушул токтом 2016-жылдын 10-мартынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
