# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19207/edition/1053307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтому (09.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99023

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 26-январы № 28 Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2016-жылдын 31-январында N 1 (502-503) жарыяланды

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин башкаруу СХЕМАСЫ
