# КР Өкмөтүнүн2016-жылдын 3-мартындагы № 101"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн2016-жылдын 3-мартындагы № 101"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19203/edition/1100760/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн2016-жылдын 3-мартындагы № 101"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (14.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99017

---

(КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы №220 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-марты № 101 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Уюштуруучулук маселелерин чечүүдө ыкчамдыкты камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо:

- 20-пункттагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Премьер-министринин" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 31-пункттун "г)" пунктчасындагы "Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
