# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы № 72 "Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы № 72 "Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19202/edition/703726/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99015.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы № 72 "Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (17.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99015

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 17-февралы № 72 Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Аталган Макулдашуунун аткарылышына жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
