# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 44 "Товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 44 "Товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19200/edition/722122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 44 "Товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу" токтому (01.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99013

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-февралы № 44 Товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан жактырылган "Шайлоо процессинин моделин" пайдалануу менен 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ачык өткөрүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 2-главасынын 2.4-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" жарлыгынын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 188-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы үчүн арналып Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү, тиркемеде көрсөтүлгөн жабдууларды жана материалдарды бажылык тариздөө товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдардан бошотуу менен жүргүзүлөөрү белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы үчүн арналып Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү жабдуулардын жана материалдардын тизмеги

№

Жабдуунун аты

Өлчөө бирдиги

Саны

1

АСУ (автоматтык саноочу урналар); PCOS (бюллетендерди саноочу оптикалык сканер жана урна)

даана

2900

2

UPS (үзгүлтүксүз азыктандыруу булагы)

даана

2900

3

Өткөргүч жана өткөргүч эмес комбинацияланган модем

даана

2900

4

Атайын термографиялык кагаз (чектерди басып чыгаруу үчүн)

даана

4000

5

Жараксыз бюллетендерди салгыч

даана

2900
