# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 33 "2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 33 "2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19198/edition/963057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99010.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 33 "2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (31.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99010

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-январы № 33 2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жүзөгө ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бир айлык мөөнөттө 2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
