# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 78 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 78 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99003>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19192/edition/722102/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99003.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 78 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" токтому (18.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99003

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 18-февралы № 78 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

-"Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору; -Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын. 2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандагы жөнүндө япон тарапка билдирсин. 3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
