# Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-февралындагы № 64 "Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттарын бекитγγ жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-февралындагы № 64 "Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттарын бекитγγ жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19190/edition/722097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-февралындагы № 64 "Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттарын бекитγγ жѳнγндѳ" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99001

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 12-февралы № 64 Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттарын бекитγγ жѳнγндѳ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 165 токтомунун редакциясына ылайык) Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекцияга (мындан ары Мамдирекция) жогорку квалификациялуу кьпматкерлерди тартууга багытталган эмгек акы тѳлѳѳнγн натыйжалуу системасын тγзγγ максатында, "Кыргыз Ресиубликасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ " Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Ресиубликасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тѳмѳнкγлѳр бекитилсин:

-Мамдирекциянын кенже тейлѳѳчγ персоналды эсепке албастан, 19 штаттык бирдиктеги штаттык саны; -Мамдирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ѳлчѳмγ 1-тиркемеге ылайык.

- Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын тейлѳѳчγ персоналын кызматтык маяналарынын ѳлчѳмγ 3-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 165 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Мамдирекциянын кызматкерлерине тѳмѳнкγлѳр белгиленсин:

-кызматтык маяпаларына тѳмѳнкγлѳр γчγн кошумча акылар тѳлѳнѳѳрγ: иштеген жылдары γчγн 2-тиркемеге ылайык ѳлчѳмдѳ; ченемделбеген жумуш куну γчγн-50 пайызга чейинки ѳлчѳмдѳ; аткарылуучу иштердин татаалдыгы жана сапаты γчγн-25 пайызга чейинки ѳлчѳмдѳ; -ѳргγγгѳ чыгууда ден соолугун чыңдоого жѳлѳкпул эмгек акынын эки айлык фондусунун ѳлчѳмдѳ тѳлѳнѳѳрγ; -календарлык жылдын аягында-орточо айлык эмгек акы фондусунун ѳлчѳмγндѳ он γчγнчγ эмгек акы тѳлѳнѳѳрγ.

3. Мамдирекциянын жетекчисине жыл ичинде γнѳмдѳлгѳн эмгек акы фондусунун каражаттарын эмгектеги жогорку жана сапаттуу натыйжалары, кесиптик жана чыгармачылык демилге кѳтѳргѳндγгγ γчγн, жарым жылдагы жана бир жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча орточо эки айлык эмгек акысынан ашпаган ѳлчѳмдѳ дем берγγчγ тѳлѳѳлѳргѳ жумшоо укук берилсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн Аппаратынын билим берγγ, маданият жана спорт бѳлγмγнѳ жγктѳлсун.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

1-тиркеме Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ѳлчѳмγ

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяналар,сом менен, сом менен

1

Башкы директор

24 ООО

2

Башкы дирсктордун орун басары

22 000

3

Бѳлγмдγн башчысы, сектордун башчысы (башкы бухгалтер)

17 000

4

Эксперт

13 900

5

Адис

12 000

2-тиркеме Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына пайыздык кошумча акылардын ѳлчѳмγ

№

Иш стажы

Иштеген жылдары учγн пайыздык кошумча акылардын ѳлчѳмγ, %

1

1 ден 3 жылга чейин

5

2

З тѳн 5 жылга чейин

10

3

5 тен 10 жылга чейин

15

4

10 дон 15 жылга чейин

20

5

15 тен 20 жылга чейин

25

6

20 дан 25 жылга чейин

30

7

25 жылдан жогору

40

Эскертγγ

1) иштеген жылдары γчγн кошумча акылар мамлекеттик органдардагы, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун ведомстволук мекемелериндеги, уюмдарындагы жана ишканаларындагы иш стажы γчγн белгиленет;

2) иштеген жылдары γчγн кошумча акылар башка кошумча акыларды жана кошумча тѳлѳѳлѳрдγ эсепке албастан кьпматтык маянага кошуп зсептелет;

3) иштеген жылдары γчγн ай сайын берилγγчγ кошумча акыны тѳлѳѳ γчγн иш стажы эмгектик стажын белгилѳѳ боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Эмгек стажын белгилѳѳ боюнча комиссиянын курамы Мамдирекциянын жетекчиси тарабынан бекитилет;

4) эмгек стажын белгилѳѳ боюнча комиссия езгвче учурларда квалификациялуу кадрларды тартуу максатында кесиби боюнча иштеген мезгилин иштеген жылдары γчγн кошумча акыны эсептѳѳ γчγн иш стажына киргизуу жѳнγндѳ чечим кабыл алууга укуктуу;

5) иштеген жылдары γчγн кошумча акы мындай кошумча акыны алууга укук берγγчγ иш стажына жараша ай сайын, дифференниялуу тѳлѳнѳт.

3-тиркеме Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын тейлѳѳчγ персоналынын кызматтык маяналарынын ѳлчѳмγ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 165 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяна (сом менен)

1

Кассир, иш кагаздарын жγргγзγγчγ

5500

2

Чарба башчысы

5400

3

Катчы

5300

4

Айдоочу

5300

5

Кызматтык жайларды тазалоочу

2500
