Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 „Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-сентябры № 608 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежесинде:
- 3-пунктунун тогузунчу абзацы "калктан" деген сөздөн кийин ", уюмдардан, мекемелерден жана ишкердик субъекттерден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 52-пунктундагы "соттордун чечимин жана өкүмүн" деген сөздөр "сот актыларын жана башка аткаруу документтерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 66-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66. Соттук аткаруучу, укук коргоо же финансы органдары тарабынан сатып өткөрүү үчүн берилген мүлктөрдү баалоо, кайра баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө"тТоктомуПостановление · 30.09.2014 · № 560
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.