# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 607 "Мамлекеттик коргонуу заказы боюнча жеткирилүүчү транспорт каражаттарына карата Бажы союзунун "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (018/2011 БС ТР) айрым жоболорун колдонбоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 607 "Мамлекеттик коргонуу заказы боюнча жеткирилүүчү транспорт каражаттарына карата Бажы союзунун "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (018/2011 БС ТР) айрым жоболорун колдонбоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 607
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19187/edition/847280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98998.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 607 "Мамлекеттик коргонуу заказы боюнча жеткирилүүчү транспорт каражаттарына карата Бажы союзунун "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (018/2011 БС ТР) айрым жоболорун колдонбоо жөнүндө" токтому (25.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98998

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-сентябры № 607 Мамлекеттик коргонуу заказы боюнча жеткирилүүчү транспорт каражаттарына карата Бажы союзунун "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (018/2011 БС ТР) айрым жоболорун колдонбоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктары үчүн мамлекеттик коргонуу заказы боюнча жеткирилүүчү транспорт каражаттарына карата Бажы союзунун "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (018/2011 БС ТР) айрым жоболору колдонулбай турганы белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
