# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 606
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98997>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19186/edition/846247/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98997.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (20.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98997

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-сентябры № 606 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Ишкердик иш-аракетти мамлекеттик жөнгө салуу ыкмаларын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндө жободо: 1-пункттагы "Жаратылышты коргоо жөнүндө" деген сөздөр "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 10-пунктта: төртүнчү абзацтагы ", кой күпкөлөөчү ванналарды салууга" деген сөздөр алып салынсын; он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- кой күпкөлөөчү ванналарды салууга жана малды нормадан ашык жаюуга (айрыкча дренаждалган кокту-колотто);";

- 19-пункттагы экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Токойлордо тыюу салынып көрсөтүлгөн тилкелердин көлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ченемдер боюнча кабыл алышат;";

- 32-пункттагы "токтомуна ылайык" деген сөздөр "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 33-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
