# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 597
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19178/edition/1241033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98989

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы N 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-сентябры № 597 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 101 "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
