# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 596
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19177/edition/844433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (21.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98988

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-сентябры № 596 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салуу, кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин:

- кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттарды;

- донорду медициналык текшерүүнүн тартибин;

- донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарын белгилөө тутумун;

- донордон кан жана анын компоненттерин алуунун тартибин;

- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же анын айрым жерлеринде табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана башка өзгөчө жагдайлар болгон учурларда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу тартибин;

- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды өткөрүү боюнча башкы мекемелерди;

- кургак учуктун жайылышынын алдын алуу жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды;

- кургак учукту диагностикалоо, дарылоо жана профилактикалоо жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды;

- активдүү кургак учуктун бардык жаңы табылган учурларын милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу тартибин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
