Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-сентябры № 596 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салуу, кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин:
- кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттарды;
- донорду медициналык текшерүүнүн тартибин;
- донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарын белгилөө тутумун;
- донордон кан жана анын компоненттерин алуунун тартибин;
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же анын айрым жерлеринде табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана башка өзгөчө жагдайлар болгон учурларда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу тартибин;
- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды өткөрүү боюнча башкы мекемелерди;
- кургак учуктун жайылышынын алдын алуу жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды;
- кургак учукту диагностикалоо, дарылоо жана профилактикалоо жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды;
- активдүү кургак учуктун бардык жаңы табылган учурларын милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу тартибин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 596 “Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк жана клиникалык трансфузиология боюнча…Постановление · 26.07.2018 · № 543 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон