# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 590 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 590 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 590
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19171/edition/1050355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98982.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 590 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98982

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-сентябры № 590 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн кемчиликтерди четтетүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:

"- аскердик багыттагы продукцияны жана кызматтарды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатып өткөрүү боюнча белгиленген талаптарга лицензиаттын иш шарттарынын шайкештиги жөнүндө эксперттик корутундуларды берет;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
