# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчётунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчётунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 579
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98977>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19166/edition/1159081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98977.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчётунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому (15.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98977

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-сентябры № 579 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчётунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 242, 251-3, 255, 256 жана 261-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчётунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчётту толтуруу жана берүү тартибинде: 45-пунктунун 4-пунктчасындагы таблицасынын "200-299 "Бошотулган жеткирүүлөр" бөлүмүндө:

- төртүнчү позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

203

Медициналык жана ветеринардык иштер чөйрөсүндөгү медициналык багыттагы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана дары-дармектерди, буюмдарды жеткирүү

";

- он алтынчы позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

215

Минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын жеткирүүлөр

";

- он сегизинчи позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

217

Металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинирленген металлдарды жеткирүү жана экспорттоо

";

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи позиция менен толукталсын:

"

227

Жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирүү

".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыздасын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
