# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 724
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98975>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19164/edition/1048349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98975.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98975

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-ноябры № 724 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 11-пунктунун жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мыйзамда каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн болгон юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө чечимдерден тышкары, Юстиция министрлигинин, ошондой эле аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
