Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-сентябры № 565 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык) "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жободо:
- 6-главасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Квалификациялык күбөлүккө аттестациялык комиссиянын төрагасы кол коёт жана аны берүү жөнүндө аттестациялык комиссиясынын чечими кабыл алынган жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуусунун берилген квалификациялык күбөлүктөрүнүн мамлекеттик реестрине жазуу киргизилген күндөн тартып 3 күндүн ичинде берилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 588 "Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү жөнүндө жободо:
- 12-пунктундагы "30 календардык" деген сөздөр "15 жумушчу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 498 "Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгарылган турак жай сертификаттарын каттоого же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөөлүү чечимди документтерди алган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбей кабыл алууга милдеттүү.".
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы №526 токтому менен бекитилген "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди…Положение · 01.09.2011 · № 526
- Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 23.09.2011 · № 588
- КР Ѳкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 498 "Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.07.2012 · № 498
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө…Постановление · 04.09.2018 · № 417
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №381 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 11.07.2011 · № 381 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуПостановление · 04.09.2018 · № 417
Шилтеме берет (6)
- КР Ѳкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 498 "Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.07.2012 · № 498
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 588 "Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү…Постановление · 23.09.2011 · № 588
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы №526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык…Постановление · 01.09.2011 · № 526
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө…Постановление · 04.09.2018 · № 417
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №381 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 11.07.2011 · № 381 · Күчүн жоготкон