# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 564
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98963>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19152/edition/843080/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98963.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98963

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-сентябры № 564 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков

Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

".
