Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 „Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 сентября 2023 года № 511 "Об утверждении Типового положения о государственных научных и научно-технических организациях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-сентябры № 559 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жободо: 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунуштоосуна ылайык, тармактык жана ведомстволук таандыктагы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жашка чейинки курактагы илимдин доктору окумуштуулук наамы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин кызмат ордунда адамдар эмгек келишиминин түзүлгөн убактысына карабастан 70 жаш куракка чыкканга чейин иштей алат. Бир эле адам катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- мамлекеттик илимий мекемелердин уюмдаштыруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылынын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген)Положение · 26.06.2013 · № 380 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 28.09.2023 · № 511
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.06.2013 · № 380 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралууЗакон · 16.06.2017 · № 103 · Күчүн жоготкон