# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 545 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 545 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 545
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98951>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19140/edition/1047121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98951.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 545 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98951

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-августу № 545 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)

Билим берүү системасынын кызматкерлерин дарылоо-профилактикалык тейлөө үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору") түзүлсүн.

2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- "Санат" ден соолукту чыңдоо борборунун" уставын жана штаттык расписаниесин иштеп чыксын жана бекитсин;

- "Санат" ден соолукту чыңдоо борборун" юстиция органдарында бекитилген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылында жайгашкан "Асыл" балдардын ден соолугун чыңдоо комплексин ага тиешелүү аймагы менен "Санат" ден соолукту чыңдоо борборунун" оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин;

- "Санат" ден соолукту чыңдоо борборунун" ишин материалдык-техникалык, финансылык жана башка жактан камсыздоо маселелерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде чечсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучу жана башка чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
