# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 539
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19139/edition/1145926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98950.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому (24.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98950

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-августу № 539 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо боюнча сапатты башкаруу жагындагы ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин "Окуу-техникалык борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү аркылуу кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин "Окуу-техникалык борбору" мамлекеттик ишканасынын укук мураскери болуп санала тургандыгы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин уставы тиркемеге ылайык редакцияда бекитилсин.

4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

М.Абулгазиев
