Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-24.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-августу № 539 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо боюнча сапатты башкаруу жагындагы ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин "Окуу-техникалык борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү аркылуу кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин "Окуу-техникалык борбору" мамлекеттик ишканасынын укук мураскери болуп санала тургандыгы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин уставы тиркемеге ылайык редакцияда бекитилсин.
4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу
М.Абулгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2016 · № 436 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-марты № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 03.03.2021 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №346 токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-марты № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 03.03.2021 · № 68 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон