# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 536
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98947>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19136/edition/840957/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98947.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (18.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98947

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-августу № 536 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын тизмегиндеги:

- "Ведомстволук форма кийими" бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" позициясындагы "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мөөнөттүү аскер кызматчыларынан, жоокерлеринен жана техникалык персоналынан тышкары" деген сөздөр алып салынсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 686 ''Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 418 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

М.Абулгазиев
