# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 526
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98930>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19120/edition/836074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98930.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98930

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-августу № 526 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1.4-пунктунда:

экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "камсыздандырылган адам - өзүнүн пайдасы үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандырылган жеке адам; жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ушул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;";

- 2.10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.10. Пенсия дайындоо жөнүндө арызда камсыздандырылган адамдын жекече идентификациялык номери жана анын паспортунун маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.";

- 3.1-пунктунда:

төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- пенсия эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнө карата эсептелген учурда жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек акы жөнүндө маалыматтар берилгенде жана берилбей калган мезгил үчүн эмгек акы жөнүндө маалыматтар тапшырылганда;"; төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: "- жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек акынын башка өлчөмү жөнүндө маалыматтар берилгенде, мында ушул кайра эсептөө пенсия дайындалган күндөн тартып үч жылдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт. Эгерде эмгек акы боюнча пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ1) кайра эсептөөдөн кийин пенсиянын өлчөмү азайып калса, анда пенсиянын мурдагы өлчөмү сакталат.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинде:

- 3.2-пунктунун "г)" пунктчасындагы "эсептешүү көрсөткүчүнөн" деген сөздөр "эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

М.Абулгазиев
