# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 302-6/7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 302-6/7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 302-6/7
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19100/edition/1155892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 302-6/7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (08.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98811

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 205/68/5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ

2017-жылдын 22-майы № 302-6/7 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамында:

- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;";

- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;";

- жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары;";

- отуз жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасынын методологиясы, талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы

С.Жээнбеков

Т.Абдыгулов
