# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицеизиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицеизиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19097/edition/1068303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицеизиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (20.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98808

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 22-майы № 300 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицеизиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегинде:

- 2-пунктунун "Уюм-эксперт" графасындагы "Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4, 9, 10 жана 19-пункттарынын "Уюм-эксперт" графасындагы "Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 11-пунктунун "Уюм-эксперт" графасындагы жана "Лицензиар" графасындагы "Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" жана "Экономика министрлиги" деген сөздөр "Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 13-пунктунун "Уюм-эксперт" графасындагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 20-22-пункттарынын "Уюм-эксперт" графасындагы "Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
