# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 "Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 "Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98796>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19087/edition/905955/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98796.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 "Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98796

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-марты № 166 Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

- 26-пунктунун "б" пунктчасынын жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6 - ипотекалык жабымы бар облигация; 7 - катышуунун ипотекалык сертификаты; 8 - опцион; 9 - фьючерс;"; 10-11 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;";

- Жобонун тиркемесинин 1-таблицасындагы "Ош" деген сабындагы "10" цифрасы "9" цифрасына алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:

- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

- 30-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- ипотекалык катышуунун сертификаттарын алгачкы жайгаштырууда;".

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
