Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-марты № 166 Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык) "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 26-пунктунун "б" пунктчасынын жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6 - ипотекалык жабымы бар облигация; 7 - катышуунун ипотекалык сертификаты; 8 - опцион; 9 - фьючерс;"; 10-11 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;";
- Жобонун тиркемесинин 1-таблицасындагы "Ош" деген сабындагы "10" цифрасы "9" цифрасына алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- ипотекалык катышуунун сертификаттарын алгачкы жайгаштырууда;".
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо…Постановление · 26.07.2011 · № 410
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы №647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2011 · № 647
- "Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу" ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 387 токтому менен бекитилген)Правила · 19.06.2017 · № 387
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө…Постановление · 04.09.2018 · № 417
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 "Баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2019 · № 24
- Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2017-жылдын 15 мартындагы № 166 токтому менен бекитилген)Положение · 15.03.2017 · № 166
- Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 253 токтому менен бекитилген)Положение · 27.05.2011 · № 253 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомуПостановление · 28.01.2019 · № 24
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуПостановление · 04.09.2018 · № 417
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө…Постановление · 04.09.2018 · № 417
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы №647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2011 · № 647
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо…Постановление · 26.07.2011 · № 410
- Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндөЗакон · 07.07.2016 · № 101
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 253 "Баалуу кагаздар рыногунда маалыматты ачуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 27.05.2011 · № 253 · Күчүн жоготкон