# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 708
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19083/edition/975336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98792.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98792

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-декабры N 708 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин Эскертүүсүнүн 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 2,4 өлчөмдө; Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиники – 1,8 өлчөмдө белгиленет.”;

- жогоруда аталган токтомдун 12-тиркемесинин Эскертүүсүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмдө; К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясыныкы – 2,4 өлчөмдө белгиленет.”.

2. Ушул токтомду аткарууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тийиштүү жылга карата каралган каражаттын чегинде каржылана тургандыгы белгиленсин.

3. Ушул токтом 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
