Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 сентября 2019 года № 511 "Об условиях оплаты труда некоторых категорий работников системы образования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-30.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-декабры N 708 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин Эскертүүсүнүн 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 2,4 өлчөмдө; Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиники – 1,8 өлчөмдө белгиленет.”;
- жогоруда аталган токтомдун 12-тиркемесинин Эскертүүсүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмдө; К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясыныкы – 2,4 өлчөмдө белгиленет.”.
2. Ушул токтомду аткарууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тийиштүү жылга карата каралган каражаттын чегинде каржылана тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон