# КР Өкмөтүнүн ёё2017-жылдын 25-январындагы № 39 “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарга эмгек акысын жана акчалай камсыздоону жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн ёё2017-жылдын 25-январындагы № 39 “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарга эмгек акысын жана акчалай камсыздоону жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98786>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19077/edition/829342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98786.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн ёё2017-жылдын 25-январындагы № 39 “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарга эмгек акысын жана акчалай камсыздоону жогорулатуу жөнүндө" токтому (25.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98786

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-январы № 39 “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарга эмгек акысын жана акчалай камсыздоону жогорулатуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарды социалдык жактан колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдардын эмгек акысы же акчалай камсыздоосу 100 пайызга жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарга жогорулатылган эмгек акысын же акчалай камсыздоону төлөө үчүн керек болгон каражатты тапсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жуктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
