Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ёё “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарга эмгек акысын жана акчалай камсыздоону жогорулатуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-январы № 39 “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарга эмгек акысын жана акчалай камсыздоону жогорулатуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарды социалдык жактан колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдардын эмгек акысы же акчалай камсыздоосу 100 пайызга жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдарга жогорулатылган эмгек акысын же акчалай камсыздоону төлөө үчүн керек болгон каражатты тапсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жуктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- О государственных наградах Кыргызской РеспубликиЗакон · 06.07.1996 · № 37 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64