Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 17-январы № 34 “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”
1-берене
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 8¹-статья менен толукталсын:
«8¹-статья. Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы – бул нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды чогултуу, алуу, издөө, өткөрүп берүү, иштеп чыгуу, сактоо, пайдалануу жана (же) берүү процесстерин автоматташтырууга жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн бардык түрлөрүн камсыздоого багытталган программалык-техникалык каражаттардын комплекси. Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.».
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1949-VI "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 01.11.2017 · № 1949-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-июнундагы № 1753-VI "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.06.2017 · № 1753-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2051-VI "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 06.12.2017 · № 2051-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Нотариат жөнүндөЗакон · 30.05.1998 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон