# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98777>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19068/edition/875429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (04.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98777

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 265 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-февралы № 56 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:

- 9-пунктунда:

экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы же" деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү абзацындагы "жана статс-катчылары" деген сөздөр алып салынсын;

- расмий тилдеги текстинин 14-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү "в два месяца" деген сөздөр "в квартал" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Жүйөлүү себептер болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга катышуусу, командировкалар, өргүүгө чыкканына жана ден соолугунун абалына байланыштуу эмгектик милдеттеринен бошоо эсептелет.";

- 25-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Ченемдик укуктук актынын долбоорун жеткире иштеп чыгууга ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун киргизген мамлекеттик органдын өкүлдөрү тартылышы зарыл.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
