# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-февралындагы № 54 "Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-февралындагы № 54 "Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98776>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19067/edition/830868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98776.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-февралындагы № 54 "Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтому (01.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98776

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-февралы № 54 Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө Архив ишин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана архив мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери 2017-жылдын 1-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
