# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19063/edition/830856/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (06.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98772

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 6-февралы № 73 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыр1ыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жободо:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул Жобо ЭЭЗдин аймагына же эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору колдонулган, бажылык контролдонууга тийиш болгон ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймактарга жайылтылат,";

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору колдонулган, бажы контролун ишке ашыруу максатында ыңгайлаштырылууга жана тосулууга тийиш болгон ЭЭЗдин аймагынын чек арасын ЭЭздин башкы дирекциясы аныктайт.";

- 8-пунктундагы "бардык периметри боюнча" деген сөздөр алып салынсын;

- 9-пунктунун биринчи абзацы "комбинациясынан," деген сөздөн кийин "металл же" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
