Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-февралы № 65 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык) "Сот приставдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесинде:
- 1-пунктунун 2-абзацы "Улуттук банкынын атайын кызматтарында" деген сөздөрдөн кийин ", сот приставдары кызматтарында" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелеринде:
- 2-пунктунун "а" пунктчасы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын байланыш кызматы жана атайын кызматтары" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын сот приставдары кызматтары" деген сөздөр менен толукталсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда согуштук Атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын ошондой эле дүрмөтсүз куралды колдонуунун зрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 31.10.2006 · № 756
- Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын…Правила · 19.08.2015 · № 591
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу…Постановление · 19.08.2015 · № 591
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда согуштук Атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын ошондой эле дүрмөтсүз куралды колдонуунун зрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 31.10.2006 · № 756
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын…Постановление · 31.10.2006 · № 756
- Сот приставдары жөнүндөЗакон · 05.08.2016 · № 164
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон