# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98751>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19043/edition/1285967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98751.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (28.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98751

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-январы № 38 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Мамлекеттик илимий мекемелердин башкаруу иштерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жободо:

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Мамлекеттик илимий мекеме карамагында болгон мамлекеттик органдын жетекчиси, бул илимий мекеменин жетекчисинин кызмат орду бош болгон учурда, анын милдетин аткарууну жетекчинин орун басарына же башка адамга үч айдан ашпаган мөөнөткө тапшырат.".

2. Мамлекеттик илимий мекеме карамагында болгон мамлекеттик органдар:

- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелеп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
