Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 июля 2019 года № 384 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-07-31.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-декабры № 695 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Салык кызматын модернизациялоонун алкагында маселелерди чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясында:
- "МСКнын ишинин артыкчылыктуу багыттары" 4-бөлүмүндө:
1.2-пункттун биринчи абзацындагы экинчи-төртүнчү сүйлөмдөр алып салынсын:
2.2-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү "жана кызматкерлерди аттестациялоо" деген сөздөр алып салынсын;
2.3-пункттун биринчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттери түзүлөт. Ошондой эле МСКда окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 2.2, 2.3, 4.2, 5.3, 12.5-пункттар, 7.2.2, 10.1.6-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.5.2-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2016-жылдын I-II кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.5.3-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2016-жылдын II-III кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.5.4-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2017-жылдын I-II кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6.1-пункттагы "Чаралар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6.1. МСКда окутуунун сапатын жогорулатуу";
- 6.2-пунктта:
"Өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарында окуу кабинеттерин же борборлорун түзүү" деген сөздөр "Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттерин түзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6.2.1-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2016-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
6.2.2-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2016-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
6.2.3-пунктчада "Окуу кабинеттеринин (борборлорунун) ишинин башталышы: - өлкөнүн түштүк аймагында, - өлкөнүн чыгыш аймагында" деген сөздөр "Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттеринин ишинин башталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2017-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.1.2-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын II-III кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12.1-пунктта:
12.1.1-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын III-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
12.1.2-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
12.1.3-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2016-жылдын II кварталы, 2016-жылдын II жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12.12.1-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын III-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13.1.2-пунктчада "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын III-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 384
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 29.04.2015 · № 265 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29 апрели № 265 токтому менен бекитилген)Постановление · 29.04.2015 · № 265 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 384
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 29.04.2015 · № 265 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон