# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 642
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98706>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19009/edition/1145699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98706.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98706

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-декабры № 642 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 178, 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү менен жоюлсун:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдөө функцияларын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга тийиштүү бюджеттик каржылоосу (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) жана материалдык-техникалык базасы менен 15 штаттык бирдигин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин борбордук аппаратына тийиштүү бюджеттик каржылоосу (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) жана материалдык-техникалык базасы менен 8 штаттык бирдигин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүн бириктирсин жана облустардагы жана райондордогу бирдиктүү аймактык бөлүнүшүн түзсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 178 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 6-пунктундагы "367", "174", "136" жана "54" деген цифралар тийиштүү түрдө "352", "186", "113" жана "50" деген цифралар менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 33-пунктундагы "593" жана "139" деген цифралар тийиштүү түрдө "608" жана "154" деген цифралар менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:

- эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдашсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;

- штатты өткөрүп берүүдө ушул токтом күчүнө кирүүчү датага карата тийиштүү кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик органдын кызматкерлери которулууга тийиш экендигин эске алышсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

Тиркеме "2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
