Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-03.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-декабры № 643 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ишин координациялоону жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттиги жана Салмак-габариттик контролдоо департаменти бириктирүү аркылуу кайра уюштурулушсун, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, сууда жүрүүчү транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттигинин жана Салмак-габариттик контролдоо департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 1, № 3, № 4 жана № 5 автомобиль жолдорунун өндүрүштүк линиялык башкармалыктарын белгиленген тартипте жойсун, мында материалдык-техникалык базаны Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жол-эксплуатациялык ишканаларына аймактык таандыктыгы боюнча өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 6 автомобиль жолдорунун өндүрүштүк линиялык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Жалал-Абад - Балыкчы автомобиль жол башкармалыгы деп аталсын;
- эки айлык мөөнөттө:
мекемелерди кайра уюштуруу жана жоюу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү боюнча тиешелүү комиссияларды түзсүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү жол-жоболорду жүргүзсүн; министрликтин штаттык жайгаштыруусун оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, сууда жүрүүчү транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги жөнүндө жобонун тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин; ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2016 · № 436 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-марты № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 03.03.2021 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-марты № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 03.03.2021 · № 68 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы №176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын)…Постановление · 15.03.2012 · № 176 · Күчүн жоготкон