Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-ноябры № 634 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 634 токтому менен жактырылган
Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 449-б буйругу менен жактырылган. "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилет. Долбоордун наркы 28,0 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинен:
- Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу - 23,5 млн. АКШ доллары (кредит - 12,92 млн. АКШ доллары, грант 10,58 млн. АКШ доллары);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу - 4,5 млн. АКШ доллары.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит жеңилдетилген 6 жылдык мезгилди кошкондо, 38 жылга, 0,75% пайыздык ставка менен берилет. Бул долбоордун максаты катышуучу айылдык коомчулуктарда суу менен камсыз кылуу жана санитария кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу, суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунда алуучунун институттарынын потенциалын чыңдоо болуп саналат. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын тандалып алынган айылдарындагы иш-чараларга жумшалат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу долбоорго камтылган айылдардын жашоочуларын көчүрүү менен байланышкан иш-чараларга жумшалат. Жогоруда аталган Макулдашуу айылды суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечүүнү карайт жана республиканын суу секторун өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-декабрындагы № 1201-VI "2016-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү…Постановление · 21.12.2016 · № 1201-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-декабрындагы № 1199-VI "2016-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү…Постановление · 21.12.2016 · № 1199-VI
- 2016-жылдын 21-декабры № 1200-VI КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-декабрындагы № 1200-VI "2016-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү…Постановление · 21.12.2016 · № 1200-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмѳтγнγн 2016-жылдын 24 октябрындагы № 449-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык ѳнγктγрγγ ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды туруктуу таза суу менен жабдуу жана…Распоряжение · 24.10.2016 · № 449-р
- 2016-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдууну жана…Закон · 29.12.2016 · № 222
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон