# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 617 "2017-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 617 "2017-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 617
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19005/edition/912731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 617 "2017-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому (02.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98701

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 519 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-ноябры № 617 2017-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө 2017-жылга статистикалык иштердин курамын жана мазмунун аныктоо максатында, "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылга статистикалык иштердин программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер мамлекеттик статистиканын тиешелүү органдарына Программада каралган мөөнөттөрдө статистикалык жана административдик маалыматтарды беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статистикалык иштерди каржылоону "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын ишке тартылган органдарынын каражаттарынын чегинде жүргүзсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
