# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 633
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98699>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19003/edition/1147619/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98699

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-ноябры № 633 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Маалыматтарды онлайн режиминде берүү үчүн контролдук-кассалык машиналарды модернизациялоо боюнча рынокто тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо укугун берүү жана атаандашуу чөйрөсүн түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

"2-этап" главасынын 1-9-пункттарындагы "2016-жылдын 1-декабрынан" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын 1-мартынан" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; "3-этап" главасынын 1-5-пункттарындагы "апрелинен" деген сөз "июлунан" деген сөз менен алмаштырылсын; "4-этап" главасынын 1-5-пункттарындагы "августунан" деген сөз "ноябрынан" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
