Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-ноябры № 636 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети 1-тиркемеге ылайык кирешелер боюнча 45937501,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 45935664,0 миң сом суммасында бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджетинин профицити 1837,1 миң сом суммасында белгиленсин. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-2019-жылдарга бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн. 4-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо каражаттары 4-тиркемеге ылайык белгиленсин. 5-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2017-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө чыгашаларды эске алуу менен 17521971,8 миң сом суммасында белгиленсин, анын ичинде:
- пенсиянын базалык бөлүгүнө 2017-жылга - 9412481,2 миң сом;
- пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2017-жылга - 1784782,7 миң сом;
- "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсияларга 2017-жылга - 2312680,2 миң сом;
- аскер кызматкерлерин камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2017-жылга - 40000,0 миң сом;
- пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдарга, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча текстиль өндүрүшүндө, РЕSАС программасына кирген ишканаларда иштеген адамдарга), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптарга, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларына, "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган энелерге, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендерге), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясы жана башка жарандык жана аскердик багыттардагы атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, РЕSАС программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү же кесиптик оору алган, багуучусунан айрылган адамдарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2017-жылга - 3972027,7 миң сом.
6-берене. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2015-жылдагы 150495,7 миң сом суммасындагы карыз Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиш экендиги белгиленсин. 2017-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2015-жылдагы 11282,9 миң сом суммасындагы карыз Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиш экендиги белгиленсин. 7-берене. Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондунун 2017-жылга бюджети 5-тиркемеге ылайык бекитилсин. 8-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1263-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 19.01.2017 · № 1263-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 1280-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 25.01.2017 · № 1280-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-февралындагы № 1298-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 01.02.2017 · № 1298-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1262-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 19.01.2017 · № 1262-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндөЗакон · 01.03.2017 · № 39
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон