# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 598 "Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” деген белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 598 "Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” деген белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 598
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98679>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18983/edition/830716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98679.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 598 "Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” деген белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98679

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 18-ноябры № 598 Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” деген белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен документтештирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту 2017-жылдын 31-мартына чейин колдонулаары белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” деген белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтү 2017-жылдын 31-мартынан тартып бүтө тургандыгы жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштыруунун зарылдыгы тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- 60 жаш курагына жеткен жана андан улуу Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
