# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 569
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18978/edition/1059965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98673.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (19.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98673

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-ноябры № 569 Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- КНСтин эсеп-фактураларынын формалары 2 -7-тиркемелерге ылайык.

2. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга өтүүгө байланыштуу төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде салык салынуучу жеткирүүлөрдү тариздөө үчүн салык төлөөчү тарабынан ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары пайдаланылсын;

- КНС төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого ылайык салыктык катталган жери боюнча салык органына ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары боюнча реестрлер берилсин.

3) (КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 18-декабры № 816 токтомуна редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-февралында күчүнө кирүүчү 3-пункттун экинчи абзацынан тышкары 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

С.Жээнбеков

2-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

3-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

4-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (Cуу менен жабдуу жана/же канализация) Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

5-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (Электр байланышы) Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

6-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (жылуулук энергиясы) Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

7-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (электр энергиясы) Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
